# 267-статья. Бөгөт коюу чарасы жөнүндө маселени чечүү. Камакта, үй камагында кармоонун мөөнөтү жана аларды узартуу тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 ноября 2011 года № 214 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203454)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920618..920619>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-267>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-267.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 267-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-267

---

(1) Ишти жүргүзүүгө кабыл алган учурдан тартып өкүмдү (аныктаманы, токтомду) аткарууга чейин судья (сот) айыпталуучуга (соттолуучуга, акталганга) карата бөгөт коюу чарасын тандоого, өзгөртүүгө же бузууга укуктуу. (2) Айыпталуучуну (соттолуучуну) камакка, үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы соттук териштирүү мөөнөтүндө колдонулушу мүмкүн. Бул мөөнөт, эгерде тергөөчү, прокурор тандаган камакка, үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы судья тарабынан өзгөрүүсүз калтырылган болсо, иш сотко келип түшкөн күндөн баштап эсептелет. (3) Өзгөчө учурларда соттук териштирүүнү аяктоо мүмкүн болбогондо жана бөгөт коюу чарасын өзгөртүү же бузуу үчүн негиздер жок болгон учурда судьянын жүйөлүү токтому менен соттолуучуну камакта, үй камагында кармоо мөөнөтү иш каралып бүткөнчө узартылышы мүмкүн. (4) Бир эле иш боюнча, ошондой эле ошол ишке бириктирилген же андан бөлүнгөн жазык иши боюнча соттолуучуну кайталап камакка, үй камагына алуу учурунда камакта, үй камагында болгон мөөнөт ал мурда камакта, үй камагында болгон убакытты эске алуу менен эсептелет. (5) Соттолуучуну камакта, үй камагында кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө мөөнөт аяктаганга чейин жети суткадан кечиктирбестен сот аныктама, ал эми судья - токтом чыгарат. Кабыл алынган чечим жүйөлүү болууга тийиш. (КР 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [266-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-266)  
Кийинки берене: [268-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-268)
