# 261-статья. Жабырлануучунун соттук териштирүүгө катышуусу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 261-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-261

---

(1) Биринчи инстанциядагы сотто ишти териштирүү жабырлануучунун, анын өкүлүнүн катышуусу менен өтөт. (2) Жабырлануучу келбегенде сот ишти караштыруу же аны кийинкиге калтыруу жөнүндөгү маселени, жабырлануучу жокто иштин бардык жагдайларын толук айкындоонун жана анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун мүмкүн же мүмкүн эместигине жараша чечет. Эгерде сот заседаниесине жабырлануучунун өкүлү келсе, сот бул маселени өкүлдүн ой-пикирин эске алуу менен чечет. (3) Жабырлануучунун өтүнүчү боюнча сот аны сот заседаниесине катышуудан, түшүндүрмөлөр берүү үчүн белгилүү бир убакытка келүүгө милдеттендирүү менен бошотушу мүмкүн. (4) Жекече күнөө коюу иштери боюнча жабырлануучунун биринчи инстанциядагы соттун заседаниесине жүйөлүү себептерсиз келбей коюушу ишти кыскартууга алып келет. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [260-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-260)  
Кийинки берене: [262-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-262)
