# 260-статья. Соттук териштирүүгө жактоочунун катышуусу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920587..920588>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-260>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 260-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-260

---

(1) Жактоочу далилдөөлөрдү келтирет жана далилдөөлөрдү изилдөөгө катышат, айыптоонун маңызы жана анын далилдүүлүгү боюнча, айыпкердин, соттолуучунун жоопкерчилигин жеңилдетүүчү же аны жактоочу жагдайлар жөнүндө, жазалоо чарасы жөнүндө, ошондой эле соттук териштирүүдө пайда болгон башка маселелер боюнча өз пикирин сотко баяндап берет. (2) Жактоочу келбегенде жана аны алмаштырууга мүмкүн болбогондо, ишти териштирүү кийинкиге калтырылат. Жактоочуну алмаштыруу ушул Кодекстин 44-статьясынын бешинчи бөлүгүндө жана 45-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт. (3) Ишке жаңы киришкен жактоочуга соттук териштирүүгө катышууга даярдануу үчүн зарыл болгон убакыт берилет. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [259-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-259)  
Кийинки берене: [261-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-261)
