# 255-статья. Сот заседаниесиндеги төрагалык кылуучу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 255-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-255

---

Төрагалык кылуучу сот заседаниесине жетекчилик кылат, объективдүүлүктү жана келишпестикти сактоо менен тараптардын теңдигин камсыздоо үчүн ушул Кодексте каралган бардык чараларды көрөт, иштин жагдайларын ар тараптуу жана толук изилдөө үчүн зарыл шарттарды түзөт, далилдерде келип чыккан карама-каршылыктарды айкындап-тактоого укуктуу. Төрагалык кылуучу, ошондой эле сот заседаниесинин күн тартибинин сакталышын камсыздайт, соттук териштирүүнүн катышуучуларынын бардыгына алардын укуктарын жана милдеттерин жана аларды жүзөгө ашыруунун тартибин түшүндүрүп берет. Соттук териштирүүгө катышкан адамдардын кимдир-бирөөсү төрагалык кылуучунун аракеттерине каршылык билдирген учурда, мындай каршылыктар сот заседаниесинин протоколуна жазылат.

---

Мурунку берене: [254-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-254)  
Кийинки берене: [256-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-256)
