# 254-статья. Соттук териштирүүнүн маалымдуулугун камсыздоо

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920645..920648>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 254-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-254

---

(1) Сот мыйзам тарабынан корголгон мамлекеттик, аскердик, банктык жана коммерциялык же башка жашыруун сырларды таратууга алып келиши мүмкүн болгондон башка учурларда, иштерди соттук ачык териштирүүнү камсыздоого тийиш. (2) Мындан тышкары соттук жабык териштирүүгө, жыныстык жана башка кылмыштар жөнүндөгү иштер боюнча ишке катышкан адамдардын турмушунун ички купуя жактары жөнүндөгү маалыматтардын же алардын кадыр-баркын кордоочу маалыматтардын ачыкка чыгарылышын болтурбай коюу максатында, ошондой эле, процесстин катышуучуларынын жана күбөлөрдүн, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн же жакын туугандарынын коопсуздугун камсыздоонун кызыкчылыктары талап кылган учурларда соттун жүйөлөштүрүлгөн аныктамасы (судьянын токтому) боюнча жол берилет. (3) Ишти соттук жабык заседаниеде териштирүү сот ишин жүргүзүүнүн бардык эрежелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат. Ишти жабык заседаниеде териштирүү жөнүндөгү соттун аныктамасы (судьянын токтому) бүткүл териштирүүгө же анын айрым бөлүктөрүнө карата чыгарылышы мүмкүн. (4) Кат алышуунун жана телеграфтык кабарлашуулардын жашырындуулугун сактоо максатында жарандардын жекече кат алышуулары жана жекече телеграфтык кабарлашуулары ачык соттук заседаниеде, мындай кат алышууларды жана телеграфтык кабарлашууларды жүргүзгөн адамдардын макулдугу боюнча гана жарыяланышы мүмкүн. Башка учурда мындай кат алышуулар жана телеграфтык кабарлашуулар соттук жабык заседаниеде жарыяланат жана изилденет. Көрсөтүлгөн эрежелер жекече мүнөздөгү үн жана көргөзмө жазууларды изилдөөдө да колдонулат. (5) Ачык соттук заседаниеге катышуучулар жазуу жүзүндө жана магнитофонго жазып алууларды жүргүзүүгө укуктуу. Фото сүрөткө, киного тартууга жана көргөзмө жазып алууга иш боюнча төрагалык кылуучунун уруксаты жана тараптардын макулдугу менен жол берилет. (6) Соттун өкүмү ачык жарыяланат. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [253-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-253)  
Кийинки берене: [255-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-255)
