# 252-статья. Соттук териштирүүнүн мөөнөтү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203192)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2009 [Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203192); 08.08.2004 [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920604..920608>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-252>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-252.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 252-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-252

---

(1) Судья (сот) жазык ишин кароону соттук териштирүүгө ишти дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган күндөн баштап 14 суткадан кечиктирбестен, ал эми сот арачыларынын катышуусу менен каралган жазык иштери боюнча, - 30 суткадан кечиктирбестен баштоого тийиш. (2) Анча оор эмес же жеңил кылмыш жөнүндө жазык иши судья (сот) тарабынан маңызы боюнча бир айлык мөөнөттө, ал эми оор же өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө иш ал келип түшкөн күндөн тартып эки айлык мөөнөттө, ал эми сот арачыларынын катышуусу менен каралган жазык иштери боюнча, - үч айлык мөөнөттөн кечиктирбестен чечилүүгө тийиш. (3) Ушул Кодекстин 250-статьясына ылайык иштин бардык материалдары менен таанышууга тараптарга берилген убакыт, ошондой эле соттук териштирүү ушул Кодекстин 265-статьясынын негизинде токтотула турган убакыт соттук териштирүүнүн мөөнөтүнө кирбейт. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [251-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-251)  
Кийинки берене: [253-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-253)
