# 249-статья. Ишти кыскартуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920587..920588>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-249.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 249-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-249

---

(1) Ушул Кодекстин 28-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча судья ишти кыскартуу жөнүндө токтом чыгарат. Ишти кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алып, судья бөгөт коюу чарасын, жарандык доону жана мүлктү конфискациялоону камсыздоо чараларын бузат жана заттык далилдер жөнүндөгү маселени чечет. Ишти кыскартуу жөнүндөгү соттун токтомунун көчүрмөсү прокурорго жөнөтүлөт, ошондой эле жазык жоопкерчилигине тартылган адамга жана жабырлануучуга тапшырылат. (2) Ишти кыскартуу жөнүндө маселе судья (сот) тарабынан соттук заседаниеде прокурордун, жабырлануучунун, айыпталуучунун, жактоочунун, мыйзамдуу өкүлдүн, жарандык доочунун, жарандык жоопкердин катышуусу менен чечилет. Ишке катышуучу адамдардын кимдир бирөөсүнүн келбей калышы сот заседаниесин өткөрүүгө тоскоолдук кылбайт. Ушул Кодекстин 28-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 10 жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга айыпталуучунун макулдугу боюнча гана жол берилет. Айыпталуучунун күнөөсүнүн далилденгендиги жөнүндө маселе соттук заседаниеде талкууланбайт, далилдер иликтенбейт. (3) Төрагалык кылуучу процесстин келген катышуучуларына сот заседаниесин өткөрүүнүн максаты жөнүндө маалымдайт. Судья (сот) заседаниенин ар бир катышуучусунун сөзүн угат жана өзүнчө бөлмөгө чыгып кетет. Судья (сот) ушул Кодекстин 268-статьясынын талаптарына ылайык токтом (аныктама) чыгарат. Соттук заседаниеде соттук заседаниенин катчысы протокол жүргүзөт. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2008-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [248-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-248)  
Кийинки берене: [250-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-250)
