# 246-статья. Ишти токтото туруу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920587..920588>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-246>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-246.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 246-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-246

---

(1) Судья төмөндөгүдөй учурларда:

1) айыпкер жашырынып калса жана анын турган жери белгисиз болсо;

2) айыпкер сотко катыша албагандай абалда ооруп калып, аны мамлекеттик медициналык мекеменин дарыгери күбөлөндүргөндө;

3) Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан, ошол жазык ишинде колдонулган же колдонууга тийиш болгон жазык мыйзамы менен жарандардын укуктары жана эркиндиктери бузулгандыгына карата арыз кароого алынганда;

4) ошол жазык ишинде колдонулган же колдонулууга тийиш болгон мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө сот Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна сурама жөнөткөндө;

5) экспертизаны дайындоодо иш боюнча өндүрүштү токтото турат.

(2) Иш боюнча сот ишин жүргүзүүнү токтото туруу жөнүндө судья токтом чыгарат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи пунктунда каралган негиз боюнча сот ишин жүргүзүү токтотула турганда, ушул Кодекстин 259-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн башка учурларда, иш прокурорго кайтарылып берилет. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [245-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-245)  
Кийинки берене: [247-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-247)
