# 245-статья. Сотко келип түшкөн иш боюнча айкындалуучу маселелер

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 октября 2009 года № 288 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203223)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920610..920611>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-245>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-245.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 245-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-245

---

(1) Сот заседаниесин дайындоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечүүдө судья ушул Кодекстин 244-статьясында көрсөтүлгөн жагдайлардан башка айыпкерлердин ар бирине карата төмөндөгүлөрдү:

- тергөө жүргүзүүдө сот заседаниесин дайындоого тоскоолдук кылуучу, Жазык-процесстик мыйзамын бузууларга жол берилген-берилбегендигин;

- айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү өз убагында тапшырылган-тапшырылбагандыгын;

- айыпкерге карата тандалып алынган бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүүгө же бузулууга тийиш же тийиш эместигин;

- кылмыштын аркасында келтирилген зыяндын ордун толтурууну жана мүлктү конфискациялоонун мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн чаралар көрүлгөн же көрүлбөгөндүгүн;

- арыздар жана өтүнүчтөр канааттандырылууга тийиш же тийиш эместигин айкындоого тийиш.

(2) Арыздарды жана өтүнүчтөрдү чечүүдө судья өтүнүч билдирген адамды же уюмдун өкүлүн түшүндүрмө берүү үчүн чакыртууга укуктуу. Эгерде алар иш үчүн маанилүү болсо, кошумча күбөлөрдү чакыруу жөнүндө, ошондой эле, башка далилдерди тиркөө жөнүндө өтүнүчтөр канааттандырылууга тийиш. (КР 2009-жылдын 26-октябрындагы № 288 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [244-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-244)  
Кийинки берене: [246-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-246)
