# 242-статья. Жазык ишин сотко караштуулугу боюнча өткөрүп берүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 31-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111498)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.12.2016 [Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111498); 17.07.2009 [Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203192); 08.08.2004 [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920648..920649>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 242-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-242

---

(1) Судья сот заседаниесин дайындоо тууралу маселени чечүүдө келип түшкөн иш ошол сотко караштуу эместигин аныктап, аны өзүнүн токтому менен сотко караштуулугу боюнча жөнөтөт. (2) Ишти соттук заседаниеге дайындаганга чейин сот арачылардын катышуусу менен каралууга жаткан кылмыш жасалгандыгы үчүн айыпталып жаткан соттолуучудан сотко ишти сот арачыларынын катышуусу менен кароо жөнүндө өтүнүч түшкөн учурда, судья жазык ишин тиешелүүлүгү боюнча тиешелүү сотко жөнөтөт. (3) Ушул Кодекстин 70, 71-статьяларында көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы же анын орунбасары өзүнүн токтому менен ишти кароо үчүн бир соттон экинчисине өткөрүп берет. Ушундай эле негиздер боюнча областтык соттун, Бишкек шаардык сотунун төрагасы ишти бир райондук (шаардык) соттон экинчисине өткөрүп берүүгө укуктуу, бул туурасында токтом чыгарылат. (4) Жогору турган сот төмөн турган соттун чечимин бузуу менен ушул Кодекстин 70, 71-статьяларында көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда, ишти жаңыдан кароого башка сотко жиберүүгө укуктуу. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [241-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-241)  
Кийинки берене: [243-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-243)
