# 240-статья. Жазык иштеринин сотко караштуулугу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 31-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111498)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.12.2016 [Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111498); 17.07.2009 [Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203192); 08.08.2004 [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920648..920649>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-240>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-240.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 240-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-240

---

(1) Райондук (шаардык) сотторго ушул статьянын экинчи, бешинчи бөлүктөрүндө каралган иштерден тышкары бардык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери караштуу. (2) (КР 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (3) (КР 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (4) (КР 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (5) Райондор аралык соттор иш сот арачыларынын катышуусу менен карала турган учурларда биринчи инстанциядагы сот катары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 97-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 129-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө 294, 319, 340 жана 373-статьяларында каралган кылмыштар жөнүндө иштерди карайт. (6) Бир же бир нече кылмыштарды жасаган топтогу адамдарды айыптаганда, эгерде бул адамдардын бирөөнүн гана иши райондор аралык сотко, ал эми калгандарына карата - райондук (шаардык) сотко тиешелүү болсо, бардык айыпталуучуларга карата иш райондор аралык сот тарабынан каралат. (7) Бир нече кылмыштарды жасаган бир адамды же топ адамдарды айыптаганда, эгерде кылмыштардын бирөө жөнүндө гана иш райондор аралык сотко, ал эми башкалары жөнүндө - бөлөк сотко тиешелүү болсо, бардык кылмыштар жөнүндө иш райондук сот тарабынан каралат. (8) Айыпталуучу (соттолуучу) ишти сот арачыларынын катышуусу менен кароодон баш тартканда, эгерде ушул статьянын алтынчы жана жетинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жагдайлар жок болсо, жазык иши райондук (шаардык) соттун кароосуна берилет. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [239-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-239)  
Кийинки берене: [241-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-241)
