# 237-статья. Айыптоо корутундусу менен келип түшкөн иш боюнча прокурор тарабынан чечилүүчү маселелер

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 ноября 2014 года № 155 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205376)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920640..920641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 237-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-237

---

(Статьянын аталышы КР 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Прокурор келип түшкөн жазык ишин беш суткадан ашпаган мөөнөттө изилдеп чыгууга жана төмөндөгүлөрдү:

1) айыпкерге тагылган жосун болгон-болбогондугун жана бул жосунда кылмыш курамы камтылган-камтылбагандыгын;

2) иште аны токтотууга алып келүүчү жагдайлардын бар-жогун;

3) коюлган айыптоонун негиздүүлүгүн, ал иште болгон далилдер менен ырасталган-ырасталбагандыгын;

4) иш боюнча аныкталган жана далилденген бардык кылмыштуу жосундар боюнча айыпкерге айыптоо коюлган-коюлбагандыгын;

5) иш боюнча алардын кылмыш жасагандыктары жөнүндө далилдер табылган бардык адамдар айыпкерлер катары жоопко тартылган-тартылбагандыгын;

6) айыпкердин жосуну туура же туура эмес квалификациялангандыгын;

7) бөгөт коюу чарасы туура же туура эмес тандалып алынгандыгын жана иште аны өзгөртүү же аны бузуу үчүн негиздердин бар же жогун;

8) жарандык доону жана мүлктү конфискациялоонун мүмкүнчүлүгүн камсыздоого чаралар көрүлгөн-көрүлбөгөндүгүн;

9) тергөө жүргүзүүдө Жазык-процесстик мыйзамын олуттуу бузууга жол берилгендигин же берилбегендигин текшерүүгө милдеттүү.

(КР 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [236-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-236)  
Кийинки берене: [238-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-238)
