# 235-статья. Айыптоо корутундусу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 29-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 ноября 2014 года № 155 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205376)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920640..920641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 235-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-235

---

(1) Эгерде айыпталуучуну сотко өткөрүп берүү үчүн негиздердин жетиштүүлүгү жөнүндө тыянагы өзгөрбөгөн учурда, ушул Кодекстин 229-231-статьяларында көрсөтүлгөн адамдар иштин материалдары менен таанышкандан кийин тергөөчү айыптоо корутундусун түзөт. Айыптоо корутундусунда тергөөчү төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

1) айыпталуучунун же айыпталуучулардын фамилиясын, аты-жөнүн;

2) алардын ар биринин инсандыгы жөнүндө маалыматтарды;

3) айыптоонун маңызын, кылмыш жасалган жерин жана убактысын, анын ыкмаларын, жүйөлөрүн, максатын, кесепеттерин жана ал жазык иши үчүн мааниси бар дагы башка жагдайларды;

4) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде бул кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган пунктун, бөлүгүн, статьясын же статьяларын көрсөтүү менен коюлган айыптоонун чечилишин;

5) кылмыштын бар экендигин жана айыпталуучунун күнөөсүн тастыктаган далилдерди;

6) айыпталуучунун өзүн жактоого келтирген далилдерди жана ошол далилдерди текшерүүнүн натыйжасын;

7) айыпталуучунун күнөөсүн жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайларды;

8) жабырлануучу, кылмыш менен ага келтирилген зыяндын мүнөзү жана өлчөмү жөнүндө маалыматтарды;

9) жарандык доогер жана жарандык жоопкер жөнүндө маалыматтарды.

(2) Айыптоо корутундусу жазык ишинин томдоруна жана барактарына шилтемени камтууга тийиш. (3) Тергөөчү айыптоо корутундусун түзүүнүн ордун жана датасын көрсөтүү менен кол коет. (4) Айыптоо корутундусуна жашаган жерин жана (же) жүргөн жерин көрсөтүү менен айыптоо жана коргоо тарабынан соттук заседаниеге чакырууга жаткан адамдардын тизмеси тиркелет. (5) Айыптоо корутундусуна тергөөнүн мөөнөттөрү жөнүндө, камакта жана үй камагында кармоонун убактысын көрсөтүү менен тандап алынган бөгөт коюу чаралары, буюм далилдери, жарандык доо, жарандык доону камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар жана мүлктү конфискациялоонун мүмкүн экендиги, процесстик сарптоолор тууралуу, ал эми айыпталуучунун, жабырлануучунун багуучу адамдары болгондо - алардын укуктарын камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдама да тиркелет. Маалымдамада жазык ишинин тиешелүү барактары көрсөтүлүүгө тийиш. (6) Тергөөчү айыптоо корутундусуна кол койгондон кийин жазык иши тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин макулдугу менен токтоосуз прокурорго жиберилет. Ушул Кодексте каралган учурларда, тергөөчү айыптоо корутундусунун котормосун камсыз кылат. (КР 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [234-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-234)  
Кийинки берене: [236-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-236)
