# 231-статья. Айыпкерди жана анын жактоочусун иштин бардык материалдары менен тааныштыруу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 29-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 ноября 2011 года № 214 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203454)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.11.2011 [Закон КР от 16 ноября 2011 года № 214 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203454); 17.07.2009 [Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203192); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 16.10.2002 [Закон КР от 16 октября 2002 года № 141 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1098)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920618..920619>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 231-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-231

---

(1) Ушул Кодекстин 230-статьясынын талаптарын аткарып, тергөөчү айыпкерге жана анын жактоочусуна, милдеттүү тартипте көктөлүүгө, номерленүүгө жана тизмектелүүгө (тизмектөө барактары) тийиш болгон иштин бардык материалдарын берет. Таанышуу үчүн, ошондой эле заттык далилдер берилет жана айыпкердин же анын жактоочусунун суроосу боюнча, эгерде алар тергөө аракеттеринин протоколдоруна тиркелсе фонограммалар, көргөзмө жазуулар, слайддар кайталанып берилет. Айыпкердин же анын жактоочусунун өтүнүчү боюнча алар иштин материалдары менен чогуу же өзүнчө тааныша алышат. Бул талаптар тергөөчү же тергөө жүргүзүүчү адам тарабынан аткарылбаганда коргоочу жана айыпкер жазык ишинин материалдары менен таанышуудан баш тартууга укуктуу, бул жөнүндө протоколго белги коюлат жана тиешелүү прокурорго, ошондой эле жогору турган прокурорго жазуу жүзүндө (кат, телетайпограмма, телеграмма, факс, ж.у.с.) билдирүүгө укуктуу. (2) Айыпкер жана жактоочу иштин материалдары менен таанышуу процессинде, документтерден маалыматтар жазып алууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга укуктуу болушат. Мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам тарабынан корголгон башка сырларды түзгөн маалыматтарды иштен жазып алуулар жана документтердин көчүрмөлөрү иштин өзүндө сакталат жана коопсуздуктарын камсыз кылуу зарыл болгон адамдар тууралу маалыматтардан башкалары, айыпкерге жана анын жактоочусуна соттук тергөө убагында тапшырылат. (3) Айыпталуучу менен коргоочуну иштин материалдары менен тааныштырууну аяктагандан кийин тергөөчү аларда жазык ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароо жөнүндө өтүнүч, башка өтүнүчтөр жана алар кандай же эмне арыз берүүнү каалай тургандыгын аныктоого милдеттүү. Мында тергөөчү сот тарабынан жазык ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароонун өзгөчөлүктөрүн, сот заседаниеси дайындалганга чейин сот алдына мындай өтүнүп билдирүү мүмкүн экендиги жөнүндө түшүндүрөт, ошондой эле айыпталуучу жана анын коргоочусунан суракка алынып жаткан күбөлөрдүн жана ишке катышкан эксперттердин, адистердин ичинен кимисин сурак берүү жана коргоонун позициясын ырастоо үчүн соттук заседаниеге чакыртууну каалай тургандыгын аныктайт. (4) Айыпкердин жана жактоочунун иштин бардык материалдары менен таанышуусу үчүн аларга зарыл болгон убакыт чектелиши мүмкүн эмес. Эгерде айыпкер жана жактоочу иштин материалдары менен таанышууну ачык эле создуктурушса, тергөөчү өзүнүн жүйөлөштүрүлгөн токтому менен, иштин материалдары менен таанышуу үчүн жетишүү болгон белгилүү бир мөөнөттү белгилөөгө укуктуу. Айыпталуучунун жана анын жактоочусунун жазык ишинин материалдары менен тааныштыруу убактысы, ушул Кодекстин 166-статьясынын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө жана 111-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган учурларда, айыпталуучунун тергөө, камакта, үй камагында кармоо мөөнөтүнө эсептелет. (5) (КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 Мыйзамына ылайык алынып салынды) (КР 2002-жылдын 16-октябрындагы № 141, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 214 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [230-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-230)  
Кийинки берене: [232-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-232)
