# 230-статья. Прокурорго жөнөтүлүүчү иш боюнча тергөөнүн аякталышы жөнүндө билдирүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 29-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 октября 2002 года № 141 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1098)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920579..920580>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-230>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-230.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 230-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-230

---

(1) Иш боюнча бардык тергөө аракеттери аткарылды, ал эми чогултулган далилдер жетиштүү деп тапкандан кийин тергөөчү бул жөнүндө айыпкерге билдирүүгө, ага иштин милдеттүү тартипте көктөлгөн, номерленген жана тизмеленген түрдөгү (тизмектөө барактары) бардык материалдары менен жеке өзү да, ошондой эле жактоочунун жардамы менен да таанышууга укуктуулугун, ошого тете тергөөнү толуктоо же иш боюнча башка чечимдерди кабыл алуу жөнүндө өтүнүч билдирүү укуктугун түшүндүрүүгө милдеттүү. Айыпкерге тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө билдирилгендиги жана укуктары түшүндүрүлгөндүгү тууралу ушул Кодекстин 170 жана 171-статьяларынын талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт. (2) Тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө жана иштин материалдары менен таанышуу жана өтүнүчтөр билдирүү укугу тууралу, тергөөчү, айыпкердин жактоочусуна, ошондой эле жабырлануучуга жана анын өкүлүнө, жарандык доогерге, жарандык жоопкерге жана алардын өкүлдөрүнө билдирүүгө милдеттүү. (3) Эгерде айыпкердин жактоочусу же жабырлануучунун, жарандык доогердин, жарандык жоопкердин өкүлү иш менен таанышуу үчүн жүйөлүү себептер боюнча дайындалган убакта келе албаса, тергөөчү тааныштырууну беш суткадан ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырат. Жактоочу же өкүл бул мөөнөттүн ичинде келбеген учурда, тергөөчү айыпкерге башка жактоочуну же жабырлануучунун башка өкүлүн чакырууну сунуш кылат, же болбосо адвокаттардын кесиптик уюму аркылуу башка жактоочуну же өкүлдү дайындайт. (4) Айыпкерди, анын жактоочусун, жабырлануучуну, жарандык доогерди, жарандык жоопкерди жана алардын өкүлдөрүн иш менен тааныштыргандан кийин тергөөчү тергөөнүн бүткөндүгү жөнүндө токтом түзөт, анда бардык тергөө аракеттери аткарылгандыгы, чогултулган далилдер ишти сотко жөнөтүү үчүн жетиштүү экендиги тууралу көрсөтөт. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги N 26-р чечими

(КР 2002-жылдын 16-октябрындагы № 141 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [229-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-229)  
Кийинки берене: [231-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-231)
