# 23-статья. Сот ишинин тили

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202917)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920612..920613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 23-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-23

---

(1) Сот иши мамлекеттик же расмий тилдеринде жүргүзүлөт. (2) Сот иши жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген, ишке катышкан адамдарга эне тилинде билдирүү жасоо, көрсөтүү берүү, өтүнүч билдирүү, иштин бардык материалдары менен таанышуу, сотто чыгып сүйлөө жана тилмечтин кызматынан пайдалануу укугу берилет. (3) Айыпкер катары ишке тартуу жөнүндө токтомдун жана өкүмдүн (аныктаманын, токтомдун) көчүрмөлөрү айыпкерге, соттолуучуга соттолгон адамга алардын эне тилинде же алар билген тилде тапшырылат. (КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-24)
