# 226-статья. Ишти кыскартуунун тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 28-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 226-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-226

---

(1) Ишти кыскартуу жөнүндө тергөөчү жүйөлөштүрүлгөн токтом түзөт, анда айыпкердин инсандыгы жөнүндө маалыматтар келтирилет, иштин маңызы жана аны токтотуунун негиздери баяндалат. (2) Токтомдо ушул Кодекстин 88-статьясынын эрежелерине жараша заттык далилдер жөнүндөгү жана бөгөт коюу чарасын бузуу жөнүндөгү маселе, ошого тете жарандык доону камсыздоо жана мүлктү конфискациялоо чаралары чечилүүгө тийиш. (3) Токтомго, ал түзүлгөн жерди жана убакытты көрсөтүү менен тергөөчү кол коет. (4) Ишти кыскартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн тергөөчү прокурорго жөнөтөт, ошол эле убакта, кыскартуунун негиздерин көрсөтүү менен жоопкерчиликке тартылган адамга, арызы боюнча жазык иши козголгон жабырлануучуга жана уюмга маалымдайт. (5) Жарандык доогердин, жарандык жоопкердин, жабырлануучунун же алардын өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча тергөөчү, прокурор аларды кыскартылган иштин материалдары менен тааныштырат.

---

Мурунку берене: [225-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-225)  
Кийинки берене: [227-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-227)
