# 222-статья. Тергөөчүнүн тергөөнү токтото тургандан кийинки аракеттери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 222-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-222

---

1) Ушул Кодекстин 221-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурларда, тергөө токтотулгандан кийин, тергөөчү түздөн-түз, ошондой эле алгачкы текшерүү органдары аркылуу жазык жоопкерчилигине тартылууга тийиш болгон адамды аныктоого карата чара көрүүгө милдеттүү жана зарыл учурда тергөө аракеттерин жүргүзө алат.

2) Тергөөнү токтото тургандан кийин, тергөөчү бул тууралу жабырлануучуга, анын өкүлүнө, жарандык доогерге, жарандык жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө жазуу жүзүндө билдирүүгө жана ошол эле мезгилде аларга тергөөнү токтото туруу жөнүндө токтомго прокурорго беш сутканын ичинде даттанууга мүмкүн экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү. Тергөө ушул Кодекстин 221-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча токтотула турган учурда, бул тууралу айыпкерге жана анын жактоочусуна да билдирилет.

---

Мурунку берене: [221-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-221)  
Кийинки берене: [223-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-223)
