222-статья. Тергөөчүнүн тергөөнү токтото тургандан кийинки аракеттери
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 27-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
1) Ушул Кодекстин 221-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурларда, тергөө токтотулгандан кийин, тергөөчү түздөн-түз, ошондой эле алгачкы текшерүү органдары аркылуу жазык жоопкерчилигине тартылууга тийиш болгон адамды аныктоого карата чара көрүүгө милдеттүү жана зарыл учурда тергөө аракеттерин жүргүзө алат.
2) Тергөөнү токтото тургандан кийин, тергөөчү бул тууралу жабырлануучуга, анын өкүлүнө, жарандык доогерге, жарандык жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө жазуу жүзүндө билдирүүгө жана ошол эле мезгилде аларга тергөөнү токтото туруу жөнүндө токтомго прокурорго беш сутканын ичинде даттанууга мүмкүн экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү. Тергөө ушул Кодекстин 221-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча токтотула турган учурда, бул тууралу айыпкерге жана анын жактоочусуна да билдирилет.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
222-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-222" title="222-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>