# 221-статья. Тергөөнү токтото туруунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 221-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-221

---

(1) Тергөө, аны улантууга жана бүтүрүүгө тоскоол болгон төмөндөгү негиздердин бири болгондо:

1) айыпкердин турган жери белгилүү болбосо;

2) айыпкер психикалык же башка оор дартка чалдыккандыгы мамлекеттик медициналык мекемеде иштеген врач тарабынан күбөлөндүрүлгөндө;

3) айыпкер катарында тартууга тийиш болгон адамды аныктоого мүмкүн болбогондо;

4) айыпкердин турган жери белгилүү болуп, бирок айыпкерди иммунитеттен ажыратуу жөнүндө же анын чет мамлекет тарабынан берилиши жөнүндө маселени чечүүгө байланыштуу анын ишке катышуусуна чыныгы мүмкүнчүлүк болбогондо токтотула турат.

(2) Тергөөнү токтото туруу жөнүндө тергөөчү жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат, анын көчүрмөсүн прокурорго жөнөтөт. (3) Эгерде иш боюнча эки же бир нече айыпкер тартылса, ал эми токтото туруу айыпкерлердин бардыгына таандык болбосо, тергөөчү айрым айыпкерлер жагындагы ишти өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө жана токтото турууга, эгерде иш боюнча тергөөнү улантуу бардык айыпкерлердин катышуусуз улантылышы мүмкүн болбосо, бүткүл иш боюнча өндүрүштү токтоттурууга укуктуу. (4) Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында каралган учурларда тергөө анын өндүрүшүнө кеткен мөөнөт аяктагандыгы боюнча гана токтотула турат; ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларда ал тергөөнүн мөөнөтү аяктаганга чейин да токтотула турушу мүмкүн. (5) Тергөөнү токтото турууга чейин тергөөчү айыпкер жок болгондо, ишти жүргүзүүгө мүмкүн болгон бардык тергөө аракеттерин аткарууга, кылмышты жасаган адамды табууга, ошого тете, аны аныктоого карата бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [220-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-220)  
Кийинки берене: [222-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-222)
