# 218-статья. Айыпкерди суракка алуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 26-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 218-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-218

---

(1) Тергөөчү айыпкерди, ага айып коюлгандан кийин токтоосуз түрдө суракка алууга милдеттүү. (2) Айыпкерди суракка алууга анын жактоочусу катышат. (3) Денесиндеги же психикасындагы кемчиликтерден улам коргонуу укугун өзү жүзөгө ашыра албаган же иш боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн тилди билбеген жашы жете элек өспүрүм айыпкерге айып коюуда жана суракка алууда, ошондой эле адамды он беш жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу белгилениши мүмкүн болгон кылмыш жасагандыгы үчүн айыптоодо жактоочунун катышуусунан баш тартууга жол берилбейт. (4) Айыпкерди суракка алуу ушул Кодекстин 189-193-статьяларынын эрежелери боюнча жүргүзүлөт. (5) Бир эле иш боюнча чакырылган айыпкерлер өзүнчө суракка алынат, мында тергөөчү алар бири-бири менен сүйлөшө албагыдай чараларды көрөт. (6) Сурактын алдында тергөөчү айыпкердин өзүнүн күнөөсүн толугу менен же жарым-жартылай мойнуна ала тургандыгын же ага коюлган айып боюнча күнөөсүн четке кага тургандыгын аныктайт, бул тууралу сурактын протоколуна тиешелүү жазуу жазылат. (7) Тергелип жаткан иштин жагдайлары боюнча мурда берилген көрсөтүүлөрдү тактоонун же толуктоонун зарылдыгы келип чыккан учурда, айыпкерди экинчи жолу (кошумча) суракка алуу жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [217-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-217)  
Кийинки берене: [219-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-219)
