# 216-статья. Айып коюу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 26-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 216-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-216

---

(1) Адамды айыпкер катарында тартуу жөнүндө токтом чыгарылган учурдан тартып үч суткадан кечиктирилбестен айып коюу жактоочунун катышуусу менен жүргүзүлөт. Айыпкер же анын жактоочусу келбей калган учурда, айып үч сутка өткөндөн кийин да коюлушу мүмкүн. (2) Алынып келинген айыпкерге айып коюу ал алынып келген күнү жүргүзүлөт. (3) Тергөөчү айыпкердин ким экендигине ынангандан кийин, айыпкерге жана анын жактоочусуна айыпкер катарында тартуу жөнүндө токтомду билдирет. (4) Тергөөчү айыпкерге коюлган айыптын маңызын түшүндүрүүгө милдеттүү. (5) Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн аракеттерди аткаруу, айып коюлган күндү жана саатты көрсөтүү менен тергөөчүнүн айыпкер катары тартуу жөнүндө токтомуна айыпкердин, жактоочунун жана тергөөчүнүн колдорун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт. (6) Айыпкер кол коюудан баш тартканда, тергөөчү жана жактоочу айыпкер катары тартуу жөнүндө токтомдо ага токтомдун тексти билдирилгендиги тууралу ырасташат. (7) Айыпкерге аны айыпкер катары тартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү тапшырылат. (8) Токтомдун көчүрмөсү прокурорго жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [215-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-215)  
Кийинки берене: [217-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-217)
