# 215-статья. Айыпкердин келишинин милдеттүүлүгү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 26-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 215-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-215

---

(1) Эркиндикте жүргөн айыпкер суракка чакыруу кагазы менен чакырылат. Чакыруу телефонограмма же телеграмма аркылуу да берилиши мүмкүн. (2) Чакыруу кагазында айыпкер катарында ким, кайда, кайсыл күнү жана кайсыл саатка чакырылгандыгы, ошондой эле келбей коюунун кесепеттери көрсөтүлүүгө тийиш. (3) Чакыруу кагазы айыпкерге андан колкат алуу менен, ал эми ал убактылуу жок болгон учурда, ал үй-бүлөнүн эрезеге жеткен мүчөсүнө же ал иштеген же окуган жердеги администрациянын өкүлүнө же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнө айыпкерге берип коюу үчүн тапшырылат. (4) Эркиндикте жүргөн айыпкер тергөөчүнүн чакыруусу боюнча белгиленген мөөнөттө келүүгө милдеттүү. (5) Төмөндөгүлөр:

1) айыпкерди келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан оору;

2) жакын туугандарынын өлүмү;

3) табигый кырсыктар;

4) чакыруу кагазын албай калуу;

5) айыпкерге белгиленген мөөнөттө келүүгө мүмкүнчүлүк бербеген башка жагдайлар тергөөчүнүн чакыруусу боюнча айыпкердин келбей калышынын жүйөлүү себептери деп таанылат.

(6) Белгиленген мөөнөттө келбей калуунун себептери жөнүндө айыпкер тергөөчүгө билдирүүгө милдеттүү. (7) Жүйөлүү себептерсиз келбей койгон учурда айыпкер мажбурлап алынып келиши мүмкүн. (8) Камакта отурган айыпкер камалган жердин администрациясы аркылуу чакырылат.

---

Мурунку берене: [214-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-214)  
Кийинки берене: [216-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-216)
