# 214-статья. Айыпкер катарында тартуу жөнүндө токтом

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 26-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-214.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 214-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-214

---

(1) Айыпкер катарында тартуу жөнүндө токтомдо:

1) ал түзүлгөн убакыт жана жер, токтом ким тарабынан түзүлгөндүгү, айыпкер катарында тартылып жаткан адамдын аты-жөнү, туулган күнү, айы, жылы жана жери;

2) аны жасоонун убактысын, ордун, ошондой эле ушул Кодекстин 82-статьясына ылайык далилденүүгө тийиш болгон башка жагдайларын көрсөтүү менен айыпкерге тагылып жаткан кылмыштын баяндамасы;

3) аталган кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган жазык мыйзамы (статьясы, бөлүгү, пункту) көрсөтүлүүгө тийиш.

(2) Жазык мыйзамынын ар кандай статьяларын колдонууга туура келген бир нече кылмыштар боюнча айыптоодо, адамды айыпкер катарында тартуу жөнүндө токтомдо жазык мыйзамынын ар бир статьясы боюнча айыпкерге кандай айкын аракеттер тагылып жаткандыгы көрсөтүлүүгө тийиш. (3) Токтомдо адамды айыпкер катарында тартуу жөнүндө чечим камтылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [213-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-213)  
Кийинки берене: [215-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-215)
