# 211-статья. Шектүү адамга, айыпкерге, жабырлануучуга же күбөгө экспертизанын корутундусун көрсөтүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 211-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-211

---

(1) Эксперттин корутундусу же корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө анын билдирүүсү, ошондой эле экспертти суракка алуунун протоколу тергөө аяктаганга чейин экспертизага тартылган шектүү адамга, айыпкерге, жабырлануучуга, ошондой эле күбөгө көрсөтүлөт, алар экспертизанын тыянактары боюнча өздөрүнүн түшүндүрмөлөрүн берүүгө жана каршы пикирлерин билдирүүгө укуктуу. Мындай өтүнүч канааттандырылган же четке кагылган учурда тергөөчү тиешелүү токтом чыгарат,ал өтүнүч берген адамга андан колкат алуу менен билдирилет. (2) Эксперттин корутундусу жана аны суракка алуунун протоколу менен таанышуу жөнүндө протокол түзүлүп, анда жасалган билдирүүлөр жана каршы пикирлер чагылдырылат. (3) Ушул статьянын эрежелери адамды айыпкер же аны шектүү, болбосо жабырлануучу катарында таанууга чейинки убакта эле жүргүзүлгөн экспертизанын учурларында да колдонулат.

---

Мурунку берене: [210-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-210)  
Кийинки берене: [212-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-212)
