# 207-статья. Салыштырып иликтөө үчүн үлгүлөрдү алуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 207-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-207

---

(1) Тергөөчү салыштырып иликтөө үчүн шектүү адамдын же айыпкердин кол жазмасынын үлгүсүн же башка үлгүлөрдү алууга укуктуу. (2) Тергөөчү ошондой эле салыштырып иликтөө үчүн күбөнүн же жабырлануучунун кол жазмасынын үлгүсүн же башка үлгүлөрдү алууга укуктуу, бирок бул алардын макулдугу менен жана окуя болгон жерде же болбосо заттык далилдерде издин алар тарабынан калтырылгандыгын текшерүү зарылдыгы пайда болгон учурларда гана жүргүзүлөт. (3) Салыштырып иликтөө үчүн үлгүлөрдү алууда адамдын өмүрү, ден соолугу үчүн коркунучтуу болгон же анын ар-намысы менен кадыр-баркын кемсинтүүчү усулдар колдонулбоого тийиш. (4) Салыштырып иликтөө үчүн тирүү адамдардан үлгүлөрдү алуу жөнүндө тергөөчү токтом чыгарат. Зарыл учурларда үлгүлөрдү алуу адистердин катышуусу менен жүргүзүлөт, бул тууралу ушул Кодекстин 170 жана 171-статьяларынын талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт. (5) Эгерде үлгүлөрдү алуу эксперттик иликтөөнүн бир бөлүгү болуп эсептелсе, ал эскперт тарабынан жүргүзүлөт. Мындай учурда бул аракет жөнүндө маалыматты эксперт өзүнүн корутундусунда чагылдырат.

---

Мурунку берене: [206-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-206)  
Кийинки берене: [208-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-208)
