# 205-статья. Комиссиялык экспертиза

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 205-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-205

---

(1) Комиссиялык экспертиза татаал эксперттик иликтөөлөрдү жүргүзүү зарыл болгон учурларда белгиленет жана бир адистиктеги (профилдеги) бир нече эксперт тарабынан жүргүзүлөт. (2) Комиссиялык экспертизаны жүргүзүүдө эксперттер алынган натыйжаларга биргелешип талдоо жүргүзүшөт жана бир пикирге (тыянакка) келгенден кийин, бир корутунду (же корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө акт) түзүшөт жана ага кол коюшат. (3) Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер чыккан учурда алардын ар бири же эксперттердин бир бөлүгү өзүнчө корутунду берет, же болбосо өзүнүн пикири көпчүлүк эксперттер менен ылайык келбеген эксперт өзүнүн пикирин корутундуда өзүнчө жол-жоболоштуруп берет.

---

Мурунку берене: [204-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-204)  
Кийинки берене: [206-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-206)
