# 204-статья. Экспертизаны эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 204-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-204

---

(1) Эгерде экспертиза эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүлсө, тергөөчү экспертиза белгилөө жөнүндө токтом чыгарганга чейин өзү экспертиза жүргүзүүнү тапшырууга ниеттенип жаткан адамдын ким экендигин, анын компетенттүүлүгүн аныктап билүүгө, анын айыпкер, шектүү адам, жабырлануучу жана экспертизага тартылган адам менен мамилесин аныктоого жана экспертти четке кагууга карата негиздердин бар же жок экендигин текшерүүгө тийиш. (2) Зарыл маалыматтарды аныктагандан кийин, тергөөчү экспертиза белгилөө жөнүндө токтом чыгарат, аны экспертке тапшырат, ага ушул Кодекстин 63-статьясында каралган укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, атайын жалган корутунду бергендиги үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө эскертет. Бул аракеттердин аткарылышы жөнүндө тергөөчү экспертиза белгилөө жөнүндө токтомго белги коет, ал эксперттин колун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт.

---

Мурунку берене: [203-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-203)  
Кийинки берене: [205-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-205)
