204-статья. Экспертизаны эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 25-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Эгерде экспертиза эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүлсө, тергөөчү экспертиза белгилөө жөнүндө токтом чыгарганга чейин өзү экспертиза жүргүзүүнү тапшырууга ниеттенип жаткан адамдын ким экендигин, анын компетенттүүлүгүн аныктап билүүгө, анын айыпкер, шектүү адам, жабырлануучу жана экспертизага тартылган адам менен мамилесин аныктоого жана экспертти четке кагууга карата негиздердин бар же жок экендигин текшерүүгө тийиш. (2) Зарыл маалыматтарды аныктагандан кийин, тергөөчү экспертиза белгилөө жөнүндө токтом чыгарат, аны экспертке тапшырат, ага ушул Кодекстин 63-статьясында каралган укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, атайын жалган корутунду бергендиги үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө эскертет. Бул аракеттердин аткарылышы жөнүндө тергөөчү экспертиза белгилөө жөнүндө токтомго белги коет, ал эксперттин колун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
204-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-204" title="204-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>