# 202-статья. Шектүү адамдын, айыпкердин, жабырлануучунун, күбөнүн экспертиза белгилөөдөгү жана жүргүзүүдөгү укуктары

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 202-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-202

---

(1) Экспертиза дайындоодо жана жүргүзүүдө шектүү адам, айыпкер жана жабырлануучу:

1) экспертиза белгилөө жөнүндө токтом менен таанышууга;

2) иш билги адам иштеген эксперттик уюмдун иштин жыйынтыгына кызыкпай тургандыгына шектенүүнү пайда кылган жагдайлар белгиленген учурда, эксперттик четке кагууну билдирүүгө же эксперттик уюмду экспертиза жүргүзүүдөн четтетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө;

3) өздөрү көрсөткөн адамдарды, соттук-эксперттик айкын уюмдардын адистерин эксперт катарында ишке тартуу жөнүндө өтүнүүгө;

4) алар боюнча эксперттин корутундусун алуу үчүн кошумча маселелерди берүүгө;

5) экспертиза жүргүзүүгө катышууга, экспертке түшүндүрмөлөрдү берүүгө, ага суроолор менен кайрылууга;

6) эксперттин корутундусу менен таанышууга укуктуу.

(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн укуктарга экспертизага тартылган күбө дагы ээ болот. (3) Жабырлануучуларга жана күбөлөргө карата экспертиза жүргүзүү алардын макулдугу менен жүзөгө ашырылат, алардын макулдугу жазуу жүзүндө берилет. Эгерде бул адамдар он алты жашка толо элек же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса, экспертиза жүргүзүүгө жазуу жүзүндө макулдук алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилет. (4) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн адам тарабынан берилген өтүнүч канааттандырылган учурда, тергөөчү экспертиза дайындоо жөнүндө өзүнүн токтомун тиешелүү түрдө өзгөртөт же толуктайт. Өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартылган учурда тергөөчү токтом чыгарат, ал өтүнүч берген адамдын колун койдуруп алуу менен ага билдирилет.

---

Мурунку берене: [201-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-201)  
Кийинки берене: [203-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-203)
