Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
202-статья. Шектүү адамдын, айыпкердин, жабырлануучунун, күбөнүн экспертиза белгилөөдөгү жана жүргүзүүдөгү укуктары
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 25-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Экспертиза дайындоодо жана жүргүзүүдө шектүү адам, айыпкер жана жабырлануучу:
1) экспертиза белгилөө жөнүндө токтом менен таанышууга;
2) иш билги адам иштеген эксперттик уюмдун иштин жыйынтыгына кызыкпай тургандыгына шектенүүнү пайда кылган жагдайлар белгиленген учурда, эксперттик четке кагууну билдирүүгө же эксперттик уюмду экспертиза жүргүзүүдөн четтетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө;
3) өздөрү көрсөткөн адамдарды, соттук-эксперттик айкын уюмдардын адистерин эксперт катарында ишке тартуу жөнүндө өтүнүүгө;
4) алар боюнча эксперттин корутундусун алуу үчүн кошумча маселелерди берүүгө;
5) экспертиза жүргүзүүгө катышууга, экспертке түшүндүрмөлөрдү берүүгө, ага суроолор менен кайрылууга;
6) эксперттин корутундусу менен таанышууга укуктуу.
(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн укуктарга экспертизага тартылган күбө дагы ээ болот. (3) Жабырлануучуларга жана күбөлөргө карата экспертиза жүргүзүү алардын макулдугу менен жүзөгө ашырылат, алардын макулдугу жазуу жүзүндө берилет. Эгерде бул адамдар он алты жашка толо элек же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса, экспертиза жүргүзүүгө жазуу жүзүндө макулдук алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилет. (4) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн адам тарабынан берилген өтүнүч канааттандырылган учурда, тергөөчү экспертиза дайындоо жөнүндө өзүнүн токтомун тиешелүү түрдө өзгөртөт же толуктайт. Өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартылган учурда тергөөчү токтом чыгарат, ал өтүнүч берген адамдын колун койдуруп алуу менен ага билдирилет.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- (Русский) Решение от 29 июня 2001 годаКонституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 19.06.2001
- РЕШЕНИЕ КОНСТИТУЦИОННОГО СУДА КР от 29 июня 2001 года (О представлении Генерального прокурора КР о даче согласия на привлечение к уголовной ответственности судьи Аламудунского…Сот практикасы · Решение · 29.06.2001
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- (Русский) Решение от 29 июня 2001 годаРешение Конституционного суда · 19.06.2001
- РЕШЕНИЕ КОНСТИТУЦИОННОГО СУДА КР от 29 июня 2001 года (О представлении Генерального прокурора КР о даче согласия на привлечение к уголовной ответственности судьи Аламудунского…Решение · 29.06.2001
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 647 "Соттук экспертиза иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 25.09.2012 · № 647 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
- 199-статья. Шектүү адамдын, айыпкердин, жабырлануучунун, күбөнүн экспертиза белгилөөдөгү жана жүргүзүүдөгү укуктары
- 212-статья
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-202" title="202-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>