# 200-статья. Экспертизаны белгилөөнүн жана аны жүргүзүүнүн милдеттүүлүгү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-200.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 200-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-200

---

Эгерде иш боюнча:

1) өлүмдүн себебин, ден соолукка келтирилген зыяндын мүнөзүн жана оор экендигинин даражасын аныктоо зарыл болгондо;

2) бул иш үчүн мааниге ээ болгондо, ал эми курагы жөнүндө документтер жок болгондо же шектенүүнү пайда кылганда, шектүү адамдын, айыпкердин, жабырлануучунун курагын белгилөө зарыл болгондо;

3) алардын акыл-эсинин соо экендиги же жазык процессинде өз укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын өз алдынча коргоого мүмкүнчүлүгү жаатында шектенүү пайда болгондо, шектүү адамдын, айыпкердин психикалык абалын аныктоо зарыл болгондо;

4) жабырлануучунун, күбөнүн иш үчүн мааниси бар жагдайларды туура кабылдоого жана алар жөнүндө көрсөтмө берүүгө жөндөмдүү экендиги тууралу шектенүү пайда болгондо, алардын психикалык абалын аныктоо зарыл болгондо экспертизаны дайындоо жана жүргүзүү милдеттүү болуп эсептелет.

---

Мурунку берене: [199-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-199)  
Кийинки берене: [201-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-201)
