# 2-статья. Жазыктык сот ишин жүргүзүүдө артыкчылыкка ээ укуктук ченемдерди колдонуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920624..920625>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 2-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-2

---

(1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында эң жогорку юридикалык күчкө ээ болот жана түздөн-түз колдонулат. Ушул Кодекстин ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ортосунда карама-каршылык келип чыккан учурда, Конституциянын ченемдери колдонулат. (2) Ушул Кодекстин ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын ортосунда карама-каршылык келип чыккан учурда, конституциялык мыйзам колдонулат. Ушул Кодекстин ченемдери менен башка мыйзамдардын ортосунда карама-каршылык келип чыккан учурда, ушул Кодекстин ченемдери колдонулат. (3) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер ушул Кодекске караганда артыкчылыкка ээ болот жана эл аралык келишимди колдонуу үчүн мыйзам чыгаруу талап кылынгандан башка учурларда, түздөн-түз колдонулат. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-3)
