# 199-статья. Экспертиза белгилөөнүн тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920597..920598>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 199-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-199

---

(1) Соттук экспертиза өткөрүү зарыл деп тапкандан кийин тергөөчү бул тууралу токтом чыгарат, ал эми ушул Кодекстин 32-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурларда сот алдында өтүнүч козгойт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) соттук экспертизаны дайындоонун негиздери;

2) соттук экспертиза жүргүзүүчү эксперттик мекеменин аталышы же эксперттин фамилиясы, аты, атасынын аты;

3) эксперттин алдына коюлган суроолор;

4) эксперттин карамагына берилген материалдар.

(2) соттук экспертиза мамлекеттик эксперттер тарабынан жана атайын билимге ээ адамдардын ичиндеги башка эксперттер тарабынан жүргүзүлөт. (3) Тергөөчү шектүүнү, айыпталуучуну, анын жактоочусун соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом менен тааныштырат жана ушул Кодекстин 202-статьясында белгиленген алардын укуктарын түшүндүрөт. Бул тууралу токтом менен таанышкан адамдар жана тергөөчү кол койгон протокол түзүлөт. (4) Жабырлануучуга карата соттук экспертиза, ушул Кодекстин 200-статьясынын 2 жана 4-пункттарында каралгандан башка учурларда, ошондой эле күбөгө карата алардын жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдуктары менен жүргүзүлөт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [198-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-198)  
Кийинки берене: [200-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-200)
