# 198-статья. Таануу үчүн көрсөтүүнүн тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 198-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-198

---

(1) Адам таануу үчүн таанытыла турган адам менен сырткы кебетеси, курагы жана кийими боюнча окшош болгон башка адамдар менен чогуу көрсөтүлөт. Таануу үчүн көрсөтүлүүчү адамдардын жалпы саны үчтөн кем болбоого тийиш. Бул эреже өлүктү таанытууда колдонулбайт. (2) Таануу үчүн көрсөтүүнүн алдында таанытыла турган адамга көрсөтүлүүчү адамдардын арасындагы каалаган жерге туруу сунуш кылынат, бул протоколдо белгиленет. (3) Таануу үчүн адамдын өзүн көрсөтүү мүмкүн болбогондо, адамды таануу анын фото сүрөтү боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Адамдын фото сүрөтү таануу үчүн көрсөтүлүп жаткан адам менен сырткы кебетеси окшош болгон адамдардын кеминде үчөөнүн фото сүрөтү менен кошо көрсөтүлөт. (4) Буюмзат саны үчтөн кем эмес окшош буюмзаттын тобу менен көрсөтүлөт. (5) Эгерде тааный турган адам күбө же жабырлануучу болсо, ага көрсөтүү берүүдөн баш тартуу же четтөө үчүн жана билип туруп жалган көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилип, бул протоколдо белгиленет. (6) Тааный турган адамга ал көрсөтүү берген адамды же буюмзатты көрсөтүү сунуш кылынат. Багыттама суроолорго жол берилбейт. (7) Эгерде тааный турган адам өзүнө көрсөтүлгөн адамдардын бирин же буюмзаттардын бирин көрсөтсө, ага аталган адамды же ошол буюмзатты кайсы белгилер же өзгөчөлүктөр боюнча тааныгандыгын түшүндүрүү сунуш кылынат. (8) Тааный турган адамдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында таанытчу адамды көрсөтүү таануучунун аны тааный турган адамды көрүшүн жокко чыгарган шарттарда жүргүзүлүшү мүмкүн. Тааный турган адамга таанытуу үчүн көрсөтүлгөн адамдарды сырттан байкоо мүмкүнчүлүгү камсыз кылынууга тийиш. (9) Адамды же буюмзатты таануу үчүн көрсөтүү жөнүндө ушул Кодекстин 170 жана 171-статьяларынын талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт. Протоколдо таануунун шарттары, жүрүшү, натыйжалары көрсөтүлөт жана тааный турган адамдын түшүндүрмөлөрү мүмкүн болушунча сөзмө-сөз баяндалат. Эгерде таануу үчүн адамды көрсөтүү таануучу адамдын тааный турган адамды көрүшүн жокко чыгарган шарттарда жүргүзүлсө, бул дагы протоколдо белгиленет.

---

Мурунку берене: [197-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-197)  
Кийинки берене: [199-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-199)
