# 193-статья. Жашы жете элек өспүрүм күбөнү же жабырлануучуну суракка алуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 193-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-193

---

(1) Он төрт жаш куракка чейинки күбөнү же жабырлануучуну, ал эми тергөөчүнүн кароосу боюнча он төрт жаштан он алты жашка чейинки курактагы күбөнү же жабырлануучуну суракка алууда педагог чакырылат. Жашы жете элек өспүрүм күбөнү же жабырлануучуну суракка алууда анын мыйзамдуу өкүлдөрү катышууга укуктуу. (2) Он алты жашка чейинки курактагы күбөлөргө жана жабырлануучуларга көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тартуу үчүн жана атайылап жалган көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилбейт. Мындай күбөлөргө жана жабырлануучуларга процесстик укуктарды жана милдеттерди түшүндүрүүдө аларга чындыкты гана айтуунун зарылдыгы көрсөтүлөт. Жашы жете элек өспүрүм күбөгө жана жабырлануучуга алардын өздөрүнүн же жакын туугандарынын жасаган кылмыштарынын бетин ачкан көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тартууга укуктуулугу түшүндүрүлөт. Укуктарынын жана милдеттеринин түшүндүрүлүшү жөнүндө протоколго белги коюлуп, ал күбөнүн же жабырлануучунун колун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн суракка катышып жаткан адамдарга суралып жаткандардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын бузулушу жөнүндө протоколго киргизиле турган пикирлерди айтууга, ошондой эле тергөөчүнүн уруксаты менен суралып жаткан адамга суроолорду берүү укуктуулугу түшүндүрүлөт. Тергөөчү суроону четке кагууга укуктуу, бирок аны протоколго киргизүүгө жана четке кагуунун себебин көрсөтүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [192-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-192)  
Кийинки берене: [194-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-194)
