# 192-статья. Күбөнү жана жабырлануучуну суракка алуунун тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 192-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-192

---

(1) Бир эле иш боюнча чакырылган күбөлөр жана жабырлануучулар өзүнчө жана башка күбөлөр менен жабырлануучуларды катыштырбастан суракка алынат. Тергөөчү бир иш боюнча күбөлөр жана жабырлануучулар өз ара сүйлөшө албагыдай болуш үчүн чараларды көрөт. (2) Сурактын алдында тергөөчү күбөнүн же жабырлануучунун ким экендигин билет, алардын шектүү адамга же айыпкерге карата мамилесин аныктайт, аларга процесстик укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрөт, көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн жана атайылап жалган маалыматтарды бергендиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартыла турагандыгы тууралу эскертет. Мында тергөөчү күбө же жабырлануучу алардын өздөрүнүн же жакын туугандарынын кылмыш жасагандыгынын бетин ачкан көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тартууга укуктуу экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү. Ушул укуктан пайдаланбаган күбөгө же жабырлануучуга атайылап жалган маалымат бергендиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертилет. Күбөгө же жабырлануучуга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү, көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тартуу же четтөө үчүн ошондой эле атайылап жалган маалыматтарды бергендиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертилгендиги тууралу протоколго белги коюлуп, ал суралып жаткан адамдын колун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт. (3) Күбөнү же жабырлануучуну суракка алуу ушул Кодекстин 191-статьясында каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [191-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-191)  
Кийинки берене: [193-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-193)
