# 190-статья. Суракка чакыруунун тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 190-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-190

---

(1) Күбө, жабырлануучу, ошондой эле эркиндикте жүргөн шектүү адам, айыпкер суракка чакыруу кагазы аркылуу чакырылат. Анда ким жана кандай сапатта, кимге жана кайсыл дарекке чакырылып жаткандыгы, суракка келүүнүн убактысы, ошондой эле жүйөлүү себепсиз келбей коюунун кесепеттери көрсөтүлүүгө тийиш. (2) Чакыруу кагазы чакырылып жаткан адамга кол койдуруп алуу менен берилет. Чакырылып жаткан адам жок болгондо чакыруу кагазы ага берүү үчүн анын үй-бүлөсүнүн эрезеге жеткен мүчөлөрүнүн бирине, ал эми алар жок болгондо турак-жайды пайдалануу уюмуна же ал жашаган жердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же иштеген жериндеги администрацияга кол койдуруп алуу менен тапшырылат, алар суракка чакырылып жаткан адамга чакыруу кагазын берүүгө милдеттүү. Суралып жаткан адам байланыштын башка каражаттарын пайдалануу менен да чакырылышы мүмкүн. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар чакыруу боюнча суракка келүүгө милдеттүү. Жүйөлүү себептерсиз келбей койгондо, аларга ушул Кодекстин 120, 121-статьяларында каралган процесстик мажбурлоо чаралары колдонулушу мүмкүн. (4) Камакта жаткан адамдар суракка камалып жаткан жердин администрациясы аркылуу чакырылат. (5) Он алты жашка толо элек адамды, күбө же жабырлануучу катарында чакыруу анын ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Башкача тартипте чакырууга эгерде бул иштин жагдайларынан улам келип чыккан учурда гана жол берилет.

---

Мурунку берене: [189-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-189)  
Кийинки берене: [191-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-191)
