# 19-статья. Иштин жагдайын ар тараптан, толук жана объективдүү изилдөө

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 149 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О Дисциплинарной комиссии при Совете судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111656)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920651..920652>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 19-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-19

---

(1) Тергөөчү иштин жагдайын ар тараптан, толук жана объективдүү изилдөө үчүн ушул Кодексте каралган бардык чараларды көрүүгө, шектүүнү, айыпкерди ашкерелөөчү, ошондой эле жактоочу, ошондой эле алардын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдайларды табууга милдеттүү. (2) Сот калыстыкты жана келишпөөчүлүктү сактоо менен, айыптоочу жана жактоочу тараптарга алардын иштин жагдайын толук изилдеп чыгууга болгон укуктарын ишке ашыруу үчүн аларга зарыл шарттарды камсыз кылып берет жана анык далилдердин негизинде гана иш боюнча чечим чыгарат. (3) Жазык иши боюнча тергөө жана соттук териштирүү жүргүзүүдө тергөөчү жана сот кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди жана шарттарды аныктоого милдеттүү. Ушундай негиздер болгон учурда тергөөчү токтом, сот - жай аныктама чыгарып, аны менен мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын кызмат адамдарынын көңүлүн иш боюнча аныкталган мыйзамды бузуу фактыларына, кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн жана тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган себептерге жана шарттарга бурат. Жай аныктама ошондой эле тергөө жүргүзүүдө жарандардын укуктары жана мыйзамды башка бузуулар сот тарабынан табылганда чыгарылышы мүмкүн. Тергөөдө мыйзамды бузууга жол берилгендиги белгилүү болгондо, жай аныктаманы чыгарышы мүмкүн. (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-20)
