# 186-статья. Тинтүүнүн же алып коюунун протоколу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 186-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-186

---

(1) Жүргүзүлгөн тинтүү же алып коюу жөнүндө ушул Кодекстин 170 жана 171-статьяларынын талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт. (2) Протоколдо буюмзаттар жана документтер кайсыл жерде жана кандай жагдайларда табылгандыгы, алар өз ыктыяры менен берилгендиги же мажбурлап алынгандыгы көрсөтүлүүгө тийиш. Бардык алынган буюмзаттар протоколдо алардын санын, ченин, салмагын, жекече белгилерин жана мүмкүн болушунча наркын так көрсөтүү менен саналып өтүүгө тийиш. (3) Эгерде тинтүү же алып коюу жүргүзүүдө алынып коюлууга тийиш болгон буюмзаттарды же болбосо документтерди жок кылууга же катууга аракет жасалса, ал көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен протоколдо чагылдырылууга тийиш. (4) Тинтүүнүн жана алып коюунун протоколунун көчүрмөсү кол койдуруу менен алар алынган адамга, же болбосо анын үй-бүлөсүнүн эрезеге жеткен мучөсүнө, ал эми алар жок болгондо турак-жайды пайдалануу уюмунун өкүлүнө же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына тапшырылат. Эгерде тинтүү жана алып коюу уюмда жүргүзүлсө протоколдун көчүрмөсү кол койдуруу менен алардын өкүлдөрүнө берилет.

---

Мурунку берене: [185-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-185)  
Кийинки берене: [187-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-187)
