# 184-статья. Тинтүүнү жана алып коюуну жүргүзүүнүн негиздери жана тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2015 года № 222 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111266)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2015 [Закон КР от 7 августа 2015 года № 222 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111266); 14.07.2008 [Закон КР от 14 июля 2008 года № 142 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202417); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920644..920645>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 184-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-184

---

(1) Имарат жайда же башка жерде же адамда кылмыштын куралы, иш үчүн мааниге ээ боло турган буюмзаттар, документтер жана баалуулуктар бар деп ойлоого жетиштүү маалыматтардын болушу тинтүүнү жүргүзүү үчүн негиз болуп эсептелет, тинтүү ошондой эле издөө салынган адамдарды жана өлүктөрдү табуу үчүн да жүргүзүлүшү мүмкүн. (2) Эгерде иш үчүн мааниси бар белгилүү бир буюмзаттар жана документтер кайсыл жерде жана кимде экендиги так белгилүү болсо, алып коюу зарылдыгы болгондо алар алынып коюлат. (3) Тинтүү жана алып коюу соттун токтомунун негизинде тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча калыс күбөлөрдүн катышуусу менен жүргүзүлөт. (4) Издөөгө салынган жана алынып коюуга тийиш болгон объект табылгандан кийин алып коюуну кечиктиргенде жок болуп кетиши, зыянга учурашы же кылмыштуу максатта пайдаланылышы мүмкүн же издөөгө салынган адам жашырынып калышы мүмкүн деген реалдуу коркунуч бар болгон өзгөчө учурларда, тинтүү соттун токтомусуз тергөөчүнүн токтому боюнча, бирок кийин бир суткалык мөөнөттө сотко жана көзөмөлдөөчү прокурорго кабарлоо менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга жатат. (5) Кечиктирүүгө болбогондон башка учурларда, тинтүү күндүз жүргүзүлөт. (6) Зарыл учурларда тинтүү адистин жана тилмечтин катышуусу менен жүргүзүлөт. (7) Тинтүүгө киришүү менен тергөөчү алынып коюлууга тийиш болгон буюмзаттарды жана документтерди өз ыктыяры менен берүүнү сунуш кылат. (8) Тинтүү жүргүзүүдө анын ээси өз ыктыяры менен ачуудан баш тарткан, бекитилген имарат жайлар жана сактоочу жайлар ачылышы мүмкүн. Мында зарылдыктан улам келип чыкпаса, эшик тээктерин жана башка буюмзаттарды зыянга учуратууга жол берилбөөгө тийиш. (9) Алып коюуну жүргүзүүдө тергөөчү алынууга тийиш болгон буюмзаттарды жана документтерди берүүнү сунуш кылат, ал эми берүүдөн баш тартылган учурда алып коюуну мажбурлоо түрүндө жүргүзөт. (10) Тергөөчү тинтүүнү, алып коюуну жүргүзүү жөнүндө соттун алдында өтүнүч козгойт. Өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтомдо тинтүүнү, алып коюуну жүргүзүү зарылдыгынын келип чыгышына себепчи болгон жүйөлөр жана негиздер баяндалат. Токтомго өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастаган материалдар тиркелет. Өтүнүч келип түшкөн учурдан тартып бир сутканын ичинде судья тарабынан каралат. (11) Турак-жайларда, уюмдардын жана мекемелердин имарат жайларында тинтүү жана алып коюу ушул Кодекстин 177-статьясынын онунчу жана он биринчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен жүргүзүлөт. (12) Дипломатиялык өкүлчүлүктөр ээлеп турган имарат жайларда, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрү жана алардын үй-бүлөлөрү жашап турган имарат жайларда тинтүү жана алып коюу ушул Кодекстин 177-статьясынын он экинчи бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. (13) Тергөөчү тинтүү жана алып коюуда аталган жайды ээлеп турган адамдын же башка адамдардын жеке турмушунун белгилүү болгон жагдайларын ачыкка чыгарбоого карата чаралар көрүүгө милдеттүү. (14) Тергөөчү тинтүү жана алып коюу жүргүзүлүп жаткан жайда же ошол жерде болгон жана бул имарат жайга же жерге келген адамдарга андан кетүүгө, ошондой эле тинтүү жана алып коюу бүткөнгө чейин бири-бири менен же башка адамдар менен сүйлөшүүгө тыюу салууга укуктуу. (15) Тинтүү жана алып коюу жүргүзүүдө тергөөчү ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон буюмзаттарды жана документтерди гана алып коюу менен чектелүүгө тийиш. Пайдаланылууга тыюу салынган буюмзаттар жана документтер алардын ишке тиешелүү же тиешелүү эместигине карабастан алынып коюуга тийиш. (16) Алынган бардык буюмзаттар жана документтер катышкан адамдарга көрсөтүлөт жана тинтүү жана алып коюу жүргүзүлгөн жерде таңгакталат жана мөөр басылып чапталып, буга катышкан адамдардын коюлган колдору менен күбөлөндүрүлөт. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 9-июлундагы N 39-р чечими

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 2-июлундагы № 142, 2015-жылдын 7-августундагы № 222 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [183-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-183)  
Кийинки берене: [185-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-185)
