# 182-статья. Тергөө эксперименти, тергөө экспериментинин протоколу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 182-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-182

---

(1) Иш үчүн мааниси бар маалыматтарды текшерүү жана тактоо максатында тергөөчү белгилүү бир окуянын аракеттерин, кырдаалын же башка жагдайларын кайра кайталоо жана зарыл болгон тажрыйбалык аракеттерди жасоо аркылуу тергөө экспериментин жүргүзүүгө укуктуу. Мында кандайдыр-бир фактыларды кабылдоонун, белгилүү аракеттерди жасоонун, кандайдыр-бир окуянын келип чыгышынын мүмкүнчүлүгү текшерилип, ошондой эле болгон окуянын ырааттуулугу жана из калтыруунун механизмдери аныкталат. Эгерде ага катышкан адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирилбесе жана алардын кадыр-баркы кемсинтилбесе, тергөө экспериментин жүргүзүүгө жол берилет. (2) Тергөө экспериментин жүргүзүүгө күбө-калыстар катышууга тийиш. Зарыл учурда шектүү адам, айыпкер, жабырлануучу, тергөөчү, ошондой эле адис, эксперт жана тажрыйбалык аракеттерди жүргүзүүчү адамдар тартылышы мүмкүн. Тергөө экспериментинин катышуучуларына эксперимент өткөрүүнүн максаты жана тартиби түшүндүрүлөт. (3) Зарыл учурда тергөө экспериментин жүргүзүүдө өлчөөлөр, сүрөткө тартуу, үн жана көрмө жазуу, киного тартуу жүргүзүлүп, пландар жана схемалар түзүлөт. (4) Тергөө экспериментин жүргүзүүчү жөнүндө тергөөчү протокол түзөт, анда тергөө экспериментинин шарттары, жүрүшү жана натыйжалары баяндалат жана эксперимент кандай максатта, качан, кайда, жана кандай шарттарда жүргүзүлгөндүгү, окуянын кырдаалын жана жагдайларын кайталоо эмнеден улам болгондугу; кандай тажрыйбалык аракеттер, кандай ырааттуулукта, ким тарабынан жана канча жолу жүргүзүлгөндүгү; кандай натыйжалар алынгандыгы көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [181-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-181)  
Кийинки берене: [183-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-183)
