# 181-статья. Карап чыгуунун жана көрүп аныктоонун протоколу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 181-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-181

---

(1) Карап чыгуу жана көрүп аныктоо жөнүндө тергөөчү ушул статьянын жана ушул Кодекстин 177-статъясынын талаптарын сактоо менен протокол түзөт. (2) Протоколдо тергөөчүнүн бардык аракеттери, ошого тете карап чыгуу жана көрүп аныктоодо табылгандардын бардыгы карап чыгуу жана көрүп аныктоо кандай жүргүзүлсө, ошондой ырааттуулукта жана карап чыгуу менен көрүп аныктоо учурунда кандай түрдө табылса ошол түрдө баяндалат. Карап чыгууда жана көрүп аныктоодо алынган бардык объектилер протоколдо саналып өтөт жана баяндалат. (3) Протоколдо: карап чыгуу же көрүп аныктоо кайсыл мезгилде, аба ырайынын кандай учурунда жана кандай жарык берүү менен жүргүзүлгөндүгү; кандай техникалык каражаттар колдонулгандыгы жана кандай натыйжаларга жетишилгендиги; карап чыгууну же көрүп аныктоону жүргүзүүгө ким тартылгандыгы жана мындай катышуу эмнеге байланыштуу болгондугу; кандай объектилер чапталгандыгы жана кандай мөөр коюлгандыгы; карап чыгуудан кийин өлүк же иш үчүн мааниси бар буюмзаттар кайда жөнөтүлгөндүгү көрсөтүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [180-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-180)  
Кийинки берене: [182-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-182)
