180-статья. Көрүп аныктоо
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 22-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Эгерде бул үчүн экспертиза жүргүзүү талап кылынбаса, адамдын денесиндеги өзгөчө белгилерди, кылмыш издерин, денеге залал келтирүүлөрдү табуу, мас абалда экендигин же иш үчүн мааниси бар башка касиеттерди жана белгилерди аныктоо үчүн шектүү адамды, айыпкерди, жабырлануучуну жана күбөнү көрүп аныктоо жүргүзүлөт. Көрүп аныктоону жүргүзүү жөнүндө тергөөчү токтом чыгарат. (2) Көрүп аныктоо тергөөчү тарабынан күбө-калыстарды катыштыруу, ал эми зарыл учурларда көрүп аныктоо врачтын же башка адистин катышуусу менен жүргүзүлөт. (3) Эгерде көрүп аныктоо бул адамды чечиндирүү менен коштолсо, тергөөчү башка жыныстагы адамды көрүп аныктоого катышпайт. Мындай учурда көрүп аныктоо бир эле жыныстагы күбө-калыстын катышуусу менен врач тарабынан жүргүзүлөт.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
180-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-180" title="180-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>