# 18-статья. Тараптардын далилтартышынын жана тең укуктуулугунун негизинде сот ишин жүзөгө ашыруу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 18-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-18

---

(1) Жазыктык сот иши айыптоо жана актоо тараптарынын далилтартышынын жана тең укуктуулуктун негизинде жүзөгө ашырылат. (2) Айыптоо, актоо жана сот тарабынан ишти чечүү бири-биринен өзүнчө бөлүнгөн жана ар кандай органдар жана кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат. (3) Соттолуучуга коюлган айыптоону далилдөө милдети айыптоочуга жүктөлөт. (4) Жактоочу соттолуучуну актоонун мыйзамда каралган бардык каражаттарын жана ыкмаларын пайланууга милдеттүү. (5) Сот айыптоонун же актоонун бир тарабында болбойт жана укуктун таламдарынан башка, кандайдыр бир таламдарды билдирбейт. (6) Сот объективдүүлүктү жана келишпөөчүлүктү сактоо менен тараптардын өздөрүнүн процесстик милдеттерин жүзөгө ашырышы үчүн зарыл шарттарды түзөт. (7) Жазыктык сот ишине катышкан тараптар тең укуктуу. Сот процесстик чечимди бирдей негиздерде тараптардын ар бирине камсыз кылынган далилдерди изилдөөгө гана негиздейт. (8) Тараптар жазыктык сот ишинин жүрүшүндө өзүнүн туткан жолун, аны жактап калуунун ыкмаларын жана каражаттарын өз алдынча жана сотко, башка органдарга жана жактарга көз каранды болбостон тандап алат. Сот тараптын өтүнүчү боюнча ушул Кодексте каралган тартипте ага зарыл материалдарды алууга көмөк көрсөтөт. (9) Мамлекеттик айыптоочу жана жеке айыптоочу сотто айыптоону колдошу же мыйзамда каралган учурларда айыптоодон баш тартышы мүмкүн. Соттолуучу өзүнүн күнөөсүн четке кагышы же өзүнүн күнөөсүн мойнуна алышы мүмкүн. Жарандык доогер доодон баш тартууга же жарандык жоопкер менен тынышуу келишимин түзүүгө укуктуу. Жарандык жоопкер доону туура деп табууга же жарандык доогер менен тынышуу келишимин түзүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-19)
