# 178-статья. Өлүктү карап чыгуу. Эксгумация

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920597..920598>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 178-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-178

---

(1) Өлүк табылган жерде аны карап чыгууну тергөөчү күбө-калыстардын жана соттук-медициналык эксперттин, ал эми анын катышуусу мүмкүн болбогондо - врачтын катышуусу менен жүргүзөт. Зарыл болгондо өлүктү карап чыгууга башка адистер тартылышы мүмкүн. (2) Таанылбаган өлүктөр милдеттүү түрдө сүрөткө тартылууга жана дактилоскопиядан өткөрүлүүгө тийиш. (3) Өлүктү көмүлгөн жерден алып чыгуу зарыл болгондо тергөөчү эксгумациялоо тууралу токтом чыгарат жана бул тууралу маркумдун жакын туугандарына же туугандарына кабар кылат. Токтом тиешелүү өлүк көмүлгөн жердин администрациясы үчүн милдеттүү болот. Эгерде маркумдун жакын туугандары же туугандарына эксгумациялоого каршы болушса, аны жүргүзүүгө сот тарабынан уруксат берилет. (4) Өлүктү эксгумациялоо жана карап чыгуу ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен жүргүзүлөт. (5) Өлүктү эксгумациялоо жана андан кийин көмүүгө байланышкан чыгымдардын орду маркумдун туугандарына ушул Кодекстин 146-статьясында белгиленген тартипте толтурулуп берилет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [177-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-177)  
Кийинки берене: [179-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-179)
