# 171-статья. Тергөө аракетинин протоколуна кол коюудан баш тартуу же ага кол коюуга мүмкүн эместигинин фактысын күбөлөндүрүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 171-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-171

---

(1) Эгерде шектүү адам айыпкер, тергөөчү же башка адам тергөө аракетинин протоколуна кол коюудан баш тартса, бул тууралу протоколго белги коюлуп, ал тергөө аракетин жүргүзгөн адамдын коюлган колу менен күбөлөндүрүлөт. (2) Протоколго кол коюудан баш тарткан адамга баш тартуунун себептерин түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берилип, ал протоколго жазылат. (3) Эгерде шектүү адам, айыпкер, жабырлануучу же күбө дене боюндагы кемчиликтерден улам же ден соолугунун абалына байланыштуу сурактын протоколуна кол кое албаса, тергөөчү башка адамды чакырат, ал суралып жаткан адамдын макулдугу менен анын көрсөтмөлөрүнүн жазылышынын тууралыгын өзүнүн коюлган колу менен күбөлөндүрөт. Бул протоколго сурак жүргүзгөн тергөөчү да кол коет. Эгерде ушул эле себептер боюнча ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын бири башка тергөө аракетинин протоколуна кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо, бул тууралу протоколго белги коюлуп, ал тергөөчүнүн коюлган колу менен күбөлөндүрүлөт.

---

Мурунку берене: [170-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-170)  
Кийинки берене: [172-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-172)
