# 1691-статья. Тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат алуунун соттук тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111498)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.12.2016 [Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111498); 14.07.2008 [Закон КР от 14 июля 2008 года № 142 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202417); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920648..920649>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-1691>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-1691.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 1691-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-1691

---

(1) Ушул Кодекстин 32-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган учурларда, тергөөчү прокурордун макулдугу менен тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө сотко өтүнүч кыла алат, ал туурасында токтом чыгарат. (2) Тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүч тергөөнүн жүргүзүлгөн жери же тергөө аракеттеринин жүргүзүлгөн жери боюнча көрсөтүлгөн өтүнүчтүн түшкөн учурунан тартып жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен райондук соттун судьясы тарабынан жеке каралууга жатат. (3) Сот заседаниесине прокурор жана тергөөчү катышууга укуктуу. (4) Көрсөтүлгөн өтүнүчтү карап чыгып, судья тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берүү же баш тартуунун жүйөөсүн көрсөтүү менен аны жүргүзүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат. (5) Ушул статьянын төртүнчү бөлүккө ылайык чыгарылган судьянын токтому токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет, милдеттүү түрдө аткарылууга жатат. Кассациялык тартипте жана судьянын токтомун көзөмөлгө алуу тартибинде даттануу анын аткарылышын токтотпойт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 2-июлундагы № 142, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [169-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-169)  
Кийинки берене: [170-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-170)
