# 169-статья. Тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн жалпы эрежелери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-169>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-169.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 169-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-169

---

(1) Тергөөчү мыйзамда каралган тергөө аракеттерин жүргүзүүгө киришүү менен тергөө аракеттерине катышуучулардын инсандыгын аныктайт, аларга укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле тергөө аракетин жүргүзүүнүн тартибин түшүндүрөт. (2) Кечиктирүүгө болбогондон башка учурларда, тергөө аракетин түн ичинде жүргүзүүгө жол берилбейт. (3) Тергөө аракеттерин жүргүзүүдө техникалык каражаттар колдонулушу жана кылмыш издерин жана буюм далилдерди табуунун, белгилөөнүн жана алуунун илимге негизделген ыкмалары пайдаланылышы мүмкүн. (4) Тергөө аракеттерин жүргүзүүдө зомбулук көрсөтүүгө, коркутууга жана башка мыйзамсыз чараларды колдонууга, ошондой эле аларга катышкан адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келтирүүгө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [168-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-168)  
Кийинки берене: [1691-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-1691)
