# 166-статья. Тергөөнүн мөөнөтү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 28.06.2001 [Закон КР от 28 июня 2001 года №62 " О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920597..920598>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 166-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-166

---

(1) Чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар боюнча тергөө бир айдан кечиктирилбестен, калган бардык иштер боюнча жазык иши козголгон күндөн тартып эки айлык мөөнөттө аяктоого тийиш. (2) Ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө, ошондой эле ушул Кодекстин 111-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган учурларда жактоочунун жана айыпталуучунун жазык ишинин материалдары менен таанышуу мөөнөтү тергөө мөөнөтүнө киргизилет. (3) Ушул Кодексте каралган негиздер боюнча тергөө токтотулуп турган мезгил тергөө мөөнөтүнө киргизилбейт. (4) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө белгиленген тергөө мөөнөтү областтын прокурору, Бишкек шаарынын прокурору тарабынан алты айга чейин узартылышы мүмкүн. Иш сот тарабынан тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн кайтарып берилгенде, ошондой эле токтотулган же кыскартылган иш жаңыртылганда мөөнөт тергөөгө көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу прокурор тарабынан өзүнө иш келип түшкөн учурдан тартып бир айга чейин белгиленет. Мөөнөттү андан ары узартуу жалпы негизде жүргүзүлөт. (5) Тергөөсү өтө татаал болгон иштер боюнча тергөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басарлары тарабынан тогуз айга чейин, ал эми өзгөчө учурларда анын мөөнөтүн андан ары узартуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан жүргүзүлөт. (6) Тергөөнүн мөөнөтүн узартуу зарыл болгондо тергөөчү бул жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарууга жана аны тиешелүү прокурорго тергөөнүн мөөнөтү аяктаганга чейин жети сутка калгандан кечиктирбестен берүүгө милдеттүү. (КР 2001-жылдын 28-июнундагы № 62, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [165-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-165)  
Кийинки берене: [167-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-167)
